Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Газа: Ооруканадагы жарылуудан жүздөгөн киши мүрт кетти


Газадагы ооруканага тийген Израил армиясынын соккусунун кесепети. 17-октябрь, 2023-жыл.
Газадагы ооруканага тийген Израил армиясынын соккусунун кесепети. 17-октябрь, 2023-жыл.

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-октябрда шаардык ооруканадагы жарылуудан 500дөй адамдын өмүрү кыйылды. Израил армиясы окуяга тиешеси жок экенин билдирип, палестин жоочуларынан көрдү.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

MedGlobal эл аралык кайрымдуулук уюмунун башчысы Захер Сахлул кандуу окуяны медициналык мекемеге жасалган "акылга сыйбас кол салуу" деп атап, аны "аскердик кылмышка" теңеди.

Кандуу окуяны дүйнө лидерлери дароо айыпташты. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо "үрөй учурган жана такыр келишкис" деп мүнөздөдү.

Египет, Иорданиянын лидерлери айыптаган билдирүүлөрдү жасашты. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган "Газадагы зулумдукту токтотууга" чакырды.

Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жараат алды.

Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG