Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Мас болуп машине айдагандар былтыркыдан 13% азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) 17-октябрда жыл башынан берки тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, январь-сентябрь айларында жол кыймылынын эрежесин бузган 746 673 айдоочу аныкталды. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 396 млн 92 240 сом түшүрүлдү. Бул былтыркы тогуз айлык көрсөткүчтөн 60 млн 212 170 сомго көп.

ЖКККБнын маалыматына караганда, мас болуп автоунаа айдаган айдоочулардын саны былтыркыдан 13% азайды.

Ошондой эле жол кыймылынын эрежесин эң көп бузгандар - коопсуздук курун тагынбай машине айдагандар - 178 146. Андан кийин - ылдамдыкты ашыра айдаган айдоочулар. Алардын саны тогуз айда 125 422ге жетти.

Натыйжада 59 996 унаа айып токтотмосуна коюлган.

Кыргызстанда 8-марттан тартып айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Анын ичинен мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Айдоочулук күбөлүгү жок машина айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган бир катар айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Катаалдаган эрежелердин алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн төлөнүүчү айып пулдар да эселеп көбөйгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG