Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:08

Украинанын армиясы Орусиянын тогуз тик учагын жок кылганын тактады


Украианын армиясы Авдеевканын жанындагы орус күчтөрүнүн турумдарын аткылоодо. 28-апрель, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Украианын армиясы Авдеевканын жанындагы орус күчтөрүнүн турумдарын аткылоодо. 28-апрель, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Атайын операция күчтөрүнүн командачылыгы билдиргендей, 17-октябрга караган түнү Москва убактылуу басып алган Бердянск жана Луганскидеги аскердик аэродромдорго жасалган аба соккулардан орусиялык армиянын тогуз тик учагы, курал-жабдык кампасы жана абадан коргонуу системасынын бөлүгү жок кылынды.

"Ийнелик" деп аталган операция ийгиликтүү өткөнүн президент Владимир Зеленский дагы ырастап, аны ишке ашыргандарга ыраазычылык билдирди.

"Айрым өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем: биз күткөндөй эле эффективдүү курал", - деп айтты ал Телеграм аркылуу.

Айрым байкоочулар президент муну менен ATACMS ракетасы колдонулганын айтып жатышы мүмкүн экенин боолгошту. Буга чейин бир катар кремлчил блогерлер Киев узак аралыкка уча ала турган ATACMS ракеталары менен сокку урганын жазышкан.

Алардын айрымдары бул "атайын аскердик операция (Орусияда согушту ушундай аташат) башталгандан берки эң олутуу чабуул" болгонун белгилешти.

Август айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Украинга ATACMS ракеталарынын чакан партиясын берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок алар берилгени тууралуу расмий маалымат чыга элек. Бул ракеталар 300 чакырымга чейинки аралыкка учуп сокку урууга жөндөмдүү.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG