Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:53

Быйыл Кумтөр алтын кенинен 14 тонна алтын казылып алынды


"Кумтөр" ишканасы.
"Кумтөр" ишканасы.

2023-жылдын башынан бери Кумтөр алтын кенинде 14 тонна алтын казылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинде "Кумтөр голд компани" ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди. Анын айтуусунда былтыркы жылы 986 млн доллар жалпы киреше алынган, анын 371 млн доллары - таза киреше. Мунун ичинен 140 млн (25%) мамлекеттик бюджетке дивиденд катары төлөнгөн.

"Мурда "Центерра" бардык иштеген жылдары - 20 жылда Кыргызстандын бюджетине 100 млн доллар төлөп берген. Биздики бир жылда 140 млн доллар төлөнүп жатат".

Барыктабасовдун маалыматында, 2022-жылы Кумтөр алтын кенинен 17 тонна алтын казылып алынса, мурунку жылы 14,5 тонна алтын алынган.

Канаданын “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын майда алган.

2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кен. Ал жерден 1997-жылдан бери алтын казылууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG