Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Зулушев тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көкбөрү ойнолбой турганын айтты


Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, дене тарбия спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов (солдо) жана Көкбөрү федерациясынын мурдагы президенти Канат Исаев. Бишкек. 17-октябрь, 2023-жыл.
Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, дене тарбия спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов (солдо) жана Көкбөрү федерациясынын мурдагы президенти Канат Исаев. Бишкек. 17-октябрь, 2023-жыл.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев коопсуздук, тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көкбөрү оюну өтпөй турганын билдирди.

Зулушев бул тууралуу 17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйынында айтты.

“Коопсуздук боюнча чоң маселеси бар. Кечээ Кочкордо Ормон Хандын 230 жылдыгында ат оюндары өттү. Бирок көкбөрү өткөн жок. Баарыңыздар көрдүңүздөр, сездиңиздер. Президент Садыр Нургожоевичтин сөзүн айтайын. Ал Оштогу 31-август эгемендик күнүндө болгон оюндан кийин, эгер дагы бир жолу ушундай тартипсиздик кайталанса, мамлекеттик деңгээлдеги оюндарга убактылуу көкбөрүнү кошпой эле коюңуздар деди. Себеби, коомчулукка, мамлекеттин коопсуздугуна терс таасир тийгизет. Ошондуктан алтын баштуу улакчы болсо да эрежени одоно бузса, жазалашыбыз керек", - деди Зулушев.

Курманкул Зулушев быйыл август айында Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында 31-август - өлкөнүн Эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Оюн жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен урган. Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалда жети адам жараат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганын билдирген.

Чырга байланыштуу баш-аягы 65 киши суракка алынып, алардын ичинен Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси менен иш козголгон. Соттун чечими менен тогуз киши камакка алынган. 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG