Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Өкмөттүк эмес уюм чек арадагы аялдарга колдоо көрсөттү


Ишкердик башто үчүн шаймандарды алып жаткан кыз-келиндер. Баткен. 17-октябрь. 2023-жыл
Ишкердик башто үчүн шаймандарды алып жаткан кыз-келиндер. Баткен. 17-октябрь. 2023-жыл

"Баарлашуу, ишеним, укук" коомдук бирикмеси Баткен районунун Тажикстанга жакын Самаркандек, Актатыр, Ак-Сай жана Кара-Бак айыл аймактарынан 30 кыз-келинге ишкердик жүргүзүү үчүн шаймандарды таркатты.

Эл аралык каржылык уюмдун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Аялдар тынчтык үчүн» долбооруна чек арадагы айылдардан 300дөй кыз-келин кайрылып, аладан отузу тандалып алынган. Алар кыз-келиндер үчүн бизнес долбоорлорду жазуу, ишкердикти жандантуу сыяктуу атайын окуулар уюштурулуп, чек ара айылдарында ишкердигин жасоо үчүн бизнес долбоорлор жазылган.

Алардын ар бирине 100 миң сомго чейин каржы бөлүнүп, муздаткыч, балмуздак жасоочу шайман, тигүүчү машиналар, кондитердик азыктарды бышыруучу мештер, саан уйлар каржылык кирешесин арбытуу үчүн зарыл шаймандар берилди.

Чек ара айылдарындагы жумушсуз кыз-келиндердин ишкердик жасоосу үчүн берилген жабдыктарды тапшыруу аземине катышкан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кыз-келиндердин ишкердигин өнүктүрүүгө, активдүү жашоо мүнөзүн калыптандырууга салым кошуп жаткан өкмөттүк эмес уюмдарга ыраазычылык билдиришти.

Долбоорго тартылган кыз-келиндер арасынан ишкердигин кеңейтүү үчүн кесиптик билим алып жаткандары да бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG