Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Газада набыт болгондор 2800дөн ашты, ХАМАСтын барымтасында 199 киши отурат


Газа тилкеси. 16-октябрь 2023-жыл
Газа тилкеси. 16-октябрь 2023-жыл

Израил аскерлеринин Газаны бомбалоосунан бери дегенде 2808 палестиналык набыт болду, 10 миң 859у жараат алды. Бул тууралуу Газанын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме менен БиБиСи 16-октябрда кабарлады. Маалыматка караганда, каза тапкандардын 64% аялдар менен балдар.

Ал эми Израил өкмөтү маалымдагандай, палестиналык радикал ХАМАС уюмунун 7-октябрдагы кол салуусу 1 миң 400 кишинин өмүрүн алды. Жоочулар 199 кишини барымтада кармап турат. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш ХАМАСты алардын бардыгын шартсыз кое берүүгө үндөп, израилдиктерди Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого чакырды.

Израил Газадагы жоочуларды жок кылуу үчүн жерде операция баштоого кам көрүүдө. Бир миллиондон ашык карапайым тургунга түштүк тарапка, Египет менен чек арага жакын жерлерге көчүү көрсөтмөсү берилген. Ал жердеги “Рафах” өткөөлүндө эл топтолгону кабарланып, пункт чет өлкөлүктөрдүн чыгып кетүүсү жана гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн ачылары күтүлүүдө.

Азык-түлүк, суу, дары-дармек тартыш болгон Газада гуманитардык абал ого бетер курчуду.

Жекшембиде АКШ президенти Жо Байден ХАМАС уюму түп тамыры менен жок кылынышы керек деп билдирген. CBS телекомпаниясына берген интервьюда Байден Израилдин Газанын оккупациясы чоң ката болорун, палестин мамлекетин түзүү жолдорун издөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Иранга жана “Хезболла” радикал тобуна жаңжалга кийлигишпөөнү эскертти.

Мунун алдында Тегеран Газа тилкесин аткылоо улана берсе, Израил менен ХАМАСтын согушуна аралашуу даярдыгын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG