Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:10

Бектур Искендер «Клооптон» кеткенин билдирди


Бектур Искендер.
Бектур Искендер.

Кыргызстандагы көз карандысыз медиа - "Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер уюмдан кеткенин, мындан ары басылмага жана редакцияга тиешелүү бир дагы долбоордо иштебей турганын билдирди. Бул тууралуу маалымат "Клооптун" сайтына жарыяланды.

Маалыматта Бектур Искендер өзүнүн жекече кат алышуусу коомчулукка тараганы үчүн мындан ары “Клооптун” катарында калууга моралдык укугу жоктугун билдирген. Ошондой эле бул окуя анын кесиптик ишмердигине таптакыр тиешеси жоктугун белгилеген. Бирок ал кат алышуунун мазмуну тууралуу маалыматта эч нерсе айтылбайт.

"Клооптун" жамааты өз кезегинде Бектур Искендердин чечимин түшүнүү менен кабыл алганы да айтылат.

"Биз ага "Клооптун" түптөлүшүндөгү шыктандырган лидерлиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Окурмандар алдындагы чынчылдык — «Клооптун» негизги принциптеринин бири", - деп жазылган маалыматта.

Бектур Искендер 2014-жылга чейин басылманын башкы редактору, 2015-жылдын май айына чейин "Клооп Медиа" фондунун президенти болуп иштеген. 2019-жылы бир нече ай башкы редактордун милдетин аркалаган. Соңку кезде Борбор Азиядагы журналисттердин коопсуздугу менен алектенген "Клооптун" Польшадагы уюмунун башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп иштеп жаткан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG