Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

Казакстандагы айылдын тургундары Алматы - Бишкек жолун тороого аракеттенди


Алматы шаары
Алматы шаары

Алматы калаасынын четиндеги Камертоган айылынын тургундары Алматы-Бишкек жолун тороого аракеттеништи. Окуя 15-октябрда кечинде болгонун «Азаттыктын» казак редакциясы жазды. Инстаграмдагы kris.p.original баракчасы маалымдагандай, айылдыктар мындай аракети менен электр энергиясынын үзгүлтүккө учураганына нааразылык билдирди. Алар электр берүү токтогонун, газ мештери иштебей калганын, суусуз отурушканын айтышты.

Карасай районунун акимияты Камертоган айылынын 20 тургуну жекшембиде кечки 10 жарымда “электр жарыгынын маселесинен” улам чогулушканын Tengrinews.kz сайтына бышыктады. Маалыматка караганда, алар “Алматы - Бишкек автожолун бөгөттөөнү көздөгөн. Бирок түшүндүрүү иштеринен кийин тарап кетишти”. Окуя болгон жерге прокуратура жана полиция өкүлдөрү барган.

Жергиликтүү аткаминерлер электр жарыгын өткөргөн зымдар бузулганын, атайын чакырылган бригада аны оңдогонун айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG