Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Ооганстанда бир жумада үчүнчү жер титирөө катталды


Герат провинциясы жер титирөөдөн кийин. Ооганстан, 15-октябрь 2023-жыл
Герат провинциясы жер титирөөдөн кийин. Ооганстан, 15-октябрь 2023-жыл

Жекшембиде Ооганстандын Герат провинциясында дагы бир жолу жер титиреди. 7-октябрдан бери Ооганстандын батышында муну менен үчүнчү жолу зилзала катталды. АКШнын Геологиялык кызматы күчү 6,3 баллга жеткен силкинүүнүн очогу Иран менен чек ара аймагындагы Герат шаарынан 34 километр алыс жерде болгонун маалымдады.

“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюму эки киши набыт болгонун, ооруканаларга жараат алган 150 киши түшкөнүн билдирди. Уюмдун Ооганстандагы программасынын директору Яхья Калила Ажанс Франс Пресс (АФП) агенттигине айтып бергендей, 7-октябрдагы 6,4 баллдык жер титирөөдөн кийин чочулап калган эл сыртта, чатырларда түнөп келаткандыктан, курмандыктар аз болушу мүмкүн.

Ооганстанды башкарган талибдер өкмөтү буга чейинки силкинүүлөр эки миңге жакын көп адамдын өмүрүн кыйганын, миңдегени жараланганын, жүз миңдеген үй кыйрап калганын билдирген. Мектептер, бейтапкана, башка коомдук имараттар да толугу менен же жарым-жартылай урады.

“Талибан” бийликке кайтып келгенден бери экономикалык каатчылык өкүм сүргөн өлкөгө эл аралык жардам токтоп калган. Гуманитардык уюмдар кыш жакындаганы үй-жайсыз калгандардын абалы ого бетер начарлайт деп эскертип келатышат.

“Рейтерс” агенттигинин жазганына караганда, Герат провинциясынын губернаторунун кеңсеси жаңы үйлөр курула турган жерлер караштырылып жатат. Бирок эл аралык жардам өтө зарыл болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG