Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Казакстан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн ишеним телефонун ачты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстан өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктан жана буллингден жабыркагандарга укуктук, психологиялык жана консультативдик жардам берүү үчүн ишеним телефонун ишке киргизди. Казак премьер-министринин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү көрсөтмөнү президент Касым-Жомарт Токаев өзү берген. 16-октябрдан тарта жабыркагандар күнү-түнү "111-Аманат" деген телефонго бекер чала алышат.

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, демилгеде бардык мамлекеттик органдардын оперативдүү чара көрүүсү каралган.

Мындан үч жыл мурун Казакстандын бийлиги "111" деген контакт телефон ишке киргенин билдирип, жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук учурларын көз жаздымда калтырбоого, "аялдар менен балдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралды деген кымындай шектенүү болсо" кайрылып турууга чакырган.

Кошуна өлкөнүн Үй-бүлө маселелери боюнча республикалык кеңешинин статистикасына караганда, жыл сайын Казакстанда балдарга каршы 2 миңден ашуун кылмыш жасалат. Алардын 700дөн көбү жыныстык кол тийбестикке байланышкан иштер. Зомбулуктун 60 пайызы үй-бүлөлөргө туура келет.

Быйыл жайында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен тараптын арызысыз эле административдик иш козгоого мүмкүнчүлүк берген түзөтүүлөр киргизилген. Укук коргоочулар өзгөртүүлөрдү "үстүрт" деп атап, үй-бүлөдө жасалган зомбулукту кылмышка теңөө керек деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG