Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Дарыгер менен мугалимдин маяна маселеси парламентте көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыгер менен мугалимдин маяна маселеси бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде республикалык бюджет талкууланып жатканда көтөрүлдү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгердин орточо айлыгы азыр 18 миң сом экенин айтты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдики 26 миң сом болуп жатканын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев мындай маяна менен саламаттык сактоо жана билим берүү системасынын ишин жакшыртуу оор экенин белгиледи:

“Чынында айлык азыраак, себеби киреше салыгын төлөш керек, Соцфонд, профсоюз деген бар. Ачыгын айтсак, мындай айлык менен биз сапаттуу билим да, медициналык тейлөө да бере албайбыз. Кудай сактасын, бирок көбүнчө ооруканаларда, операция бөлүмдөрүндө өтө начар абал. Мектепте болсо байкуш мугалимдер чака, пол жууганга чүпүрөктү каяктан алабыз деп жүрүшөт. Ата-энелер фонду жоюлган, а өкмөт токтом чыгарды, бирок бир да тыйын бере элек”.

Депутаттын мындай пикирине тиешелүү жетекчилерден жооп айтылган жок.

Былтыр апрель айында Кыргызстанда мугалимдин, дарыгердин жана маданият кызматкеринин айлык акысы көбөйгөн. Мугалим мурдагыга караганда эки эсе көп акча ала баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG