Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Илхам Алиев Тоолуу Карабакта азери туусун көтөрдү


Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактын борборундагы туу көтөрүү учурунда. 15-октябрь, 2023-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактын борборундагы туу көтөрүү учурунда. 15-октябрь, 2023-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борборунда азери туусун көтөрдү. Салтананттуу иш-чара азербайжандыктар Ханкенди, этностук армяндар Степанакерт деп атаган шаарда 15-октябрда болду.

Соңку жыйырма жылдан бери бийликте отурган Алиев Баку сентябрь айында өз көзөмөлүнө алган аймакка биринчи жолу барды.

Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.

Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG