Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Польшада парламенттик шайлоо өтүп жатат


Польшалыктар добуш берип жатышат. Варшава. 15-октябрь, 2023-жыл.
Польшалыктар добуш берип жатышат. Варшава. 15-октябрь, 2023-жыл.

Польшада 15-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо негизги күрөш бийликтеги оңчул консервативдүү, азыркы вице-премьер-министр Ярослав Качьинский башында турган “Укук жана адилеттик” партиясы менен оппозициячыл, Еврокеңештин мурдагы президенти, Польшанын экс-премьер-министри Дональд Туск жетектеген Жарандык коалициянын ортосунда жүрүүдө.

Шайлоо менен кошо референдум дагы өтүп жатат. Анда пенсия курагын төмөндөтүү, Беларус менен чек арага дубал куруу, Жакынкы Чыгыш жана Африкадан мигранттарды кабыл албоо, “мамлекеттик мүлктү чет элдик субъектилерге сатууга” тыюу салуу сыяктуу азыркы бийликтин сунуштары добушка коюлду.

Үгүт өнөктүгү маалында “Укук жана адилеттик" партиясынын украин данынын экспортуна тыюу салышы Киев менен кайым айтышууга түрткү болду.

Туск жана анын тарапташтары бийликтеги партияны Польшаны Евробиримдиктен чыгаруу жана аялдардын, азчылыктардын укуктарын чектөө аракеттери үчүн сынга алып келишет. Ал эми бийликтеги партия оппозицияны "мигранттарга жол ачууну көздөйт" деп айыптап келет.

Сурамжылоолорго ылайык, шайлоодо бир да партия парламентте көпчүлүк орунду ээлей албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG