Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Ооганстанда күчү 6,3 баллдык дагы бир жер титирөө болду


Герат провинциясынын зилзаладан жабыркаган аймагы. Ооганстан, 9-октябрь, 2023-жыл
Герат провинциясынын зилзаладан жабыркаган аймагы. Ооганстан, 9-октябрь, 2023-жыл

Бүгүн, 15-октябрда Ооганстандын батышында күчү 6,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. 7-октябрдагы катуу зилзала 2 500дөй кишинин өмүрүн алган.

АКШнын Геологиялык көзөмөлдөө борбору 15-октябрдагы жер титирөөнүн очогу Герат шаарына 34 чакырым аралыкта орун алганын билдирди.

"Ассошиэйтед Пресс" агенттигинин жазганына караганда, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу расмий маалымат жок.

7-октябрдагы жер титирөөнүн очогу да 700 миң калктуу Гераттан алыс эмес аймакта жайгашкан. Ал күнү үч ири силкинүү катталган. Анда зилзаладан 2,5 миңдей адам набыт болгон.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11 миңден көп киши жабыркаганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG