Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Орусиялык күчтөр Авдеевканы курчоо аракетин улантууда


Авдеевка.
Авдеевка.

Орусиялык аскерлер бешинчи күн катары менен Донецк облусундагы Авдеевка районунда чабуул жасап, украин күчтөрүн жырып өтүп, шаарды курчоого аракет кылууда. Украинанын Башкы штабы орусиялык күчтөрдүн чабуулу "ийгиликсиз" болуп жатканын айтты.

Фронттун линиясына жакын бул шаарда украин бийлигинин эсебинде 1600 жашоочу кала берүүдө. Акыркы чабуулда Авдеевканын бир тургуну каза болду.

Шаардык аскердик администрациянын башчысы Виталий Барабаш украин радиосуна курган маегинде орусиялык аскерлердин Авдеевкада жанданып жатышын аларга 31-декабрга чейин Донецк облусунун чек арасына чыгуу (орус бийлиги бул жерди Орусиянын аймагы катары эсептейт) тапшырмасы берилгени менен түшүндүрдү.

"Алар Авдеевканы алса, Покровскиге чыгарын, андан ары жылууга оңой болорун сезип турат. Андыктан Авдеевка алар үчүн өтө маанилүү", - деди Барабаш.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана аскер кабарчылары Авдеевка тууралуу маалыматтарды аз чыгарууда. Бир катар кремлчил блогерлер орусиялык күчтөр алдыга жылганын, башкалары чабуул өтө жай жана кыйынчылык менен жүрүп жатканын жазышууда.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби орусиялык армия "даярдыгы начар аскерлерди согушка салуу" менен чоң жоготууга учурап жатканын жазды. Америкалык Согушту изилдөө институту (ISW) орусиялык күчтөр алдыга жыла албай жатканын ачык булактардагы маалыматтарды анализдеген соң билдирди.

Өткөн суткада орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан Украинанын Донецк облусунун фронттон кыйла алыс Богатырь айылынын айрым тургундары каза таап жана жарадар болушту. "Смерч" жапырт ок чыгаруучу ракеталык системасы менен аткан учурда 11 жаштагы балага тийген. Донецк облусунун Покровск шаарында 20 адам жараат алды. Херсон облусунун Берислав шаарында жеке турак жай аткылоого кабылып, бир аял кайтыш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG