Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Израил Газа тилкесинен палестиндердин чыгып кетүү мөөнөтүн дагы алты саатка узартты


Израил-Палестина согушунан качкандардын кербени. 2023-жылдын октябры.
Израил-Палестина согушунан качкандардын кербени. 2023-жылдын октябры.

Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүк аймактарынын тургундарын коопсуз жайларга чыгып кетүү мөөнөтүнө алты саат кошту. Израилдин аскерлери жума күнү эртең менен палестиндерди эвакуациялоого 24 саат берген.

ЦАХАЛдын Телеграм-каналы Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын каршы болгонуна карабай жай тургундар сектордун түндүк аймактарын таштап кетип жатканын ырастады.

Израилдин аба күчтөрү Газанын аба мейкиндиги аркылуу үйлөрдү таштап кетүүгө чакырган баракчаларды таратууда. Газаны канча жай тургун таштап кеткени тууралуу так маалыматтар азырынча жок. Жалпысынан түндүк аймактарда 1,1 миллион адам жашары айтылган.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Израилге кайрылып, аймакта жүз миңдеген жайкын тургундардын жер которушуна байланыштуу гуманитардык катастрофага жол бербөөнү талап кылды. "Адамдар өз үйүндө коопсуз жашашы керек" деди ал. Ошондой эле БУУ аймакка суу, азык-түлүк жана отун жеткирүү үчүн сектордун блокадасын жок дегенде убактылуу токтотууга чакырды.

Израил жакын арада жер үстүндө аскердик чабуулун баштоону көздөп турат, максат - ХАМАСты жер менен жексен кылуу.

Бир жума мурда АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС Израилдин түштүк аймактарына ракета аткан.

Акыркы маалыматтарда кол салуунун курмандыктары 1300дөн ашып, жүздөн ашууну Газада барымтада жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, Израилдин жооп катары урган соккуларынан Газа тилкесинде 1900дөй тургун набыт болду.

Бир катар араб өлкөлөрү жана Орусия Израилдин Газа тилкесин блокадага алганын кескин айыпташты.

ЦАХАЛдын акыркы маалыматы боюнча, жумадан ишембиге караган түнү Газада аба соккусунан ХАМАСтын 7-октябрда Израилге жасалган чабуулун жетектеген Мерад Абу Мерад өлтүрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG