Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныды


Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын жыйындар залы.
Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын жыйындар залы.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) Голодоморду украин калкынын геноциди деп тааныды. Ошондой эле Орусиянын украиналыктарга каршы жаңы агрессиясын кескин айыптады.

12-октябрда ПАСЕнин жыйынында кабыл алган резолюцияда белгиленгендей, Орусиянын Украинага каршы атайылап жасалган агрессиясы "украин улутун жок кылуу боюнча мурдагы аракеттерди эске салат".

Украинанын президенти Владимир Зеленский ПАСЕнин чечими тууралуу "Тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү бир гана так белги берет: Москва мурдагы жана азыркы кылмыштары үчүн сөзсүз жазасын алат", - деп билдирди.

2006-жылы Украинанын Жогорку Радасы Голодоморду СССР жетекчилигинин "украин калкына жасаган геноцид" деп тааныган.

2022-жылы Германия, 2023-жылы Болгария, Белгия, Британия, Франция жана Исландия Голодоморду "тукум курут" деп тааныган.

Голодомор - советтик бийлик украиналык дыйкандардан азык-түлүк запастарын тартып алуу жана дан азыктарына байланышкан саясатын киргизгенде келип чыккан. Натыйжада, 4 миллион киши көз жумганы айтылат. Тарыхчылардын көбү бийлик советтик Украинада атайлап ачарчылык уюштурган деп санашат.

Орусия бийлиги 1930-жылдардагы окуяларды геноцид деп сыпаттоого каршы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG