Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:13

14-октябрдын аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 15-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 13 октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарда жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

14-15-октябрда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0...-2° үшүк, күндүз 5…10°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1...-3° үшүк, күндүз 4…9°, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1...-3° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн айрым жерлерде 0...-2° үшүк, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0...-2° үшүк, күндүз 5…10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12 октябрда күндүз жана 13-14-октябрларда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы жана жүгөрү үчүн коркунучтуу.

14-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 9…11 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG