Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Илхам Алиев КМШ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келди


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевди 12-октябрда “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Алиев 13-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин саммиттен бир күн мурда, 12-октябрда расмий сапар менен Бишкекке келди. Орус президентинин менен мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жолугушуусунан кийин алты документке кол коюлду.

Ушул эле күнү Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын министрлери жана Армениянын тышкы иштер министринин орун басары катышты. Жыйын соңунда жалпысынан 17 документке кол коюлду.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG