Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Москвада тыңчылыкка шек саналган тажик жараны эки айга камалды


Орусиядагы түрмө. Иллюстрациялык сүрөт
Орусиядагы түрмө. Иллюстрациялык сүрөт

Орус башкалаасынын Лефортово райондук соту 10-октябрда тыңчылык ишине байланыштуу Тажикстандын жаранын эки айга камакка алды. Мындай маалымат Москва сотторунун басма сөз кызматынын сайтында жарык көрдү.

«Озоди» радиосу жазганына караганда, ал кишинин ысымы Ш.Тиллозода деп көргөзүлгөн. Аны камакка алуу өтүнүчү менен Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кайрылган. Сот жабык өткөн. Тажик жаранына тагылган айыптын чоо-жайы айтылган жок.

Орусиялык «Холод» басылмасы маалымдагандай, быйыл январь-июль айларында өлкөдө мамлекетке чыккынчылык кылуу жана тыңчылык беренелеринин негизинде 82 иш козголгон.

Кээ бир адвокаттар андай иштердин саны дагы көп болушу ыктымал дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG