Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:12

Бишкекте КМШнын башкы дипломаттарынын жыйыны өтүүдө


КМШ министрлеринин отуруму. Бишкек. 2023-жылдын 12-октябры.
КМШ министрлеринин отуруму. Бишкек. 2023-жылдын 12-октябры.

Бүгүн 12-октябрда Бишкекте Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Ага тогуз өлкөнүн – Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын башкы дипломаттары катышууда.

Бул жолку отурумга Молдованын өкүлдөрү келген жок. Армениядан тышкы иштер министринин орун басары катышууда.

Молдова 2022-жылдын ноябрь айында КМШдагы мүчөлүгүн токтото туруу чечимин жарыялаган жана быйыл уюмдан биротоло чыгуу процессин баштаган.

Министрлер Бишкекте 13-октябрда өтө турган президенттердин саммитинде карала турган маселелерди талкуулашат.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG