Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Минск журналист Лосикти камоо менен эл аралык мыйзамды бузган деп табылды


Игорь Лосик
Игорь Лосик

БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Беларус бийлиги журналист Игорь Лосикти камоо менен адам укуктары жаатындагы эл аралык мыйзамдарды бузган деп тапты. Топ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти “кесиптик ишмердигине, өз оюн билдирүү укугун ишке ашырууга байланыштуу” гана кармалган деген тыянакка келди.

АКШда жайгашкан Freedom Now укук коргоо уюму 10-октябрда билдиргендей, мындай жыйынтык "Dechert LLP" эл аралык юридикалык фирмасы менен бирге жазылган петицияга жооп катары жасалган.

Лосик 2020-жылдын июнь айында кармалып, кийинки жылдын декабрында 15 жылга абакка кесилген. Ага “ массалык көтөрүлүш уюштуруу, социалдык жек көрүүгө шыкактоо” жана башка бир нече айып тагылган. Калганы кандай айып экени белгисиз.

Журналист күнөөсү жоктугун жана айыптар саясий негизде тагылганын айтып келет. Ошол кезде Лосик менен кошо Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын күйөөсү Сергей Тихановский, дагы төрт блогер, оппозициялык саясатчылар менен активисттер узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Быйыл жыл башында журналисттин жубайы Дарья Лосик польшалык “Белсат” телеканалына берген интервью үчүн экстремисттик ишмердикке көмөктөшүү айыбы менен эки жылга кесилген. Минск ал каналды экстремисттик топ деп тааныган.

Жубайлардын төрт жашар кызы азыр таяне-таятасынын колунда.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, АКШнын Хельсинки комиссиясы, америкалык жана литвалык бир нече мыйзам чыгаруучу, бир катар уюмдар Лосикти тез арада бошотууга чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG