Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Ооганстанда күчү 6,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды


Герат провинциясынын зилзаладан жабыркаган аймагы. Ооганстан, 9-октябрь, 2023-жыл.
Герат провинциясынын зилзаладан жабыркаган аймагы. Ооганстан, 9-октябрь, 2023-жыл.

Шаршембиде эртең менен Ооганстандын батышында күчү 6,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. Өткөн дем алышта болгон зилзала 2 400дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйган.

АКШнын Геологиялык көзөмөлдөө борбору маалымдагандай, 11-октябрдагы жер титирөөнүн очогу Герат шаарына 28 километр жакын жерде орун алган. Калаа ооруканасындагы булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып беришкендей, кеминде бир киши каза тапты, 65 киши жараат алды. Бир нече турак жай урап калганы кабарланды.

Талибдер жетектеген Маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Вахид Райян жарадар болгондордун саны 80ге жеткенин, Герат-Торгонди кан жолу жер көчкүдөн улам жабылып калганын билдирди.

"Ассошиэйтед Пресс" агенттигинин жазганына караганда, Чахак айылында 700 чакты үй урап калды. Буга чейинки зилзалада алар жабыркаган эмес.

7-октябрдагы жер титирөөнүн очогу да 700 миң калктуу Гераттан алыс эмес аймакта жайгашкан. Ал күнү үч ири силкинүү катталган.

"Талибан" бери дегенде 2 миң кишинин каза тапканын маалымдаган, бирок акыркы расмий сандарды жарыялаган жок.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11 миңден көп киши жабыркаганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG