Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Ата-энесин бакпагандарды жазалоо мыйзамы алгачкы окууда бир добуштан колдоо тапты


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү, бойго жеткен балдарынын жазасын күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 11-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда кабыл алынды.

Депутат Тазабек Икрамов демилгелеген бул сунушту депутаттар бир добуштан колдошту жана андай уул-кыздардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө да бөгөт коюу керектигин айтышты.

Икрамов депутаттардын бардык сунуштары экинчи окууга чейин эске алынарын, жазалоо механизми бар экенин, жараян соттун чечими менен ишке ашарын билдирди:

“Кайсы гана ата-эне болбосун, өз баласына каршы эч качан арыз жазбайт экен. Бул мыйзам кабыл алынып калса ата-энеден арыз керек эмес болот. Мекемеге түшкөндө ошол мекеменин директору жергиликтүү тийиштүү органдарга кайрылат. Алар кандай балдары бар экенин, каерде иштей турганын, баарын тактап, ошонун негизинде сотко жөнөтүлөт”.

Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса Кылмыш-жаза кодексине, Үй-бүлө кодексине, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Алимент төлөө жөнүндө норма да каралат, 50-100 миң сом айыппул салынат же 1 жылдан 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Расмий маалыматка караганда, быйыл биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда алимент өндүрүү тууралуу 46 миң иш каралган, алардын 19у ата-эненин баласына же уулуна каршы жазган арызына байланыштуу болгон.

Бишкекте мамлекет каржылаган бир Карылар үйү бар. Андан тышкары соңку жылдары багар-көрөрү жок, жардамга муктаж кары-картаңдар үчүн жеке жайлар ачылып жатат. Адатта алар кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG