Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Орус аскерлери Авдеевкага жакын жерде чабуулду күчөттү


Авдеевканы коргоп жаткан украин аскерлери.
Авдеевканы коргоп жаткан украин аскерлери.

Орусиянын аскерлери 10-октябрда Украинанын Донецк облусундагы Авдеевка аймагында чабуулду күчөттү. Жапырт аткылоолор тууралуу орус жана украин булактары маалымдады.

РБК-Украина жергиликтүү тургундарга таянып, чабуул таңкы саат беште башталганын кабарлады. Салгылашуу күчөгөнүн Авдеевка шаардык аскердик администрациясынын башчысы Виталий Барабаш "Суспільне" телеканалына билдирди. Курмандыктар же жараат алгандар тууралуу маалымат жок.

Согушту колдогон Телеграм каналдар Авдеевканын айрым жерлери орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү тууралуу жазышты, бирок украин тарап аны ырастаган жок.

Орус аскерлери ошондой эле Марьинка аймагында, Купянскиге жакын жерде, Пятихатки районунда илгерилөөгө аракет көрүп жатканы тууралуу да такталбаган маалыматтар бар.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Авдеевканы алууга аракет кылып, бирок украин армиясы буга жол бербей келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG