Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:51

Армениянын премьери Никол Пашинян Бишкектеги саммитке катышпайт


Садыр Жапаров (солдо) жана Никол Пашинян
Садыр Жапаров (солдо) жана Никол Пашинян

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 13-октябрь күнү Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын жыйынына келбейт. Бул тууралуу Пашинян өзү бүгүн, 10-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурунда билдирген.

Кыргызстандын президентинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, эки лидердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү Пашиняндын демилгеси менен болгон. Тараптар эки өлкөнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде 13-октябрда Бишкекте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммитин талкуулашты.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам жыйынга катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди. Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда мамилелерди бекемдөөнү макулдашты", - деп жазылган маалыматта.

Бишкекте КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 13-октябрда өтөт. Бир күн мурда Кыргызстанга расмий сапар менен Орусиянын президенти Владимир Путин келет.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

Армения буга чейин Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда өтүп жаткан "Бузулгус боордоштук-2023" аскердик машыгуусуна да катышуудан баш тарткан.

Пашинян өткөн айда Армения-АКШ аскердик машыгуусун утурлай "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал ЖККУга мүчө болуу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Расмий Ереван Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров армян бийлигине "АКШга ишенген мамлекеттердин тагдырын эске ала жүргүлө" деп жооп кайтарган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG