Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

ЖК комитетинде жеке маалыматтардын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлдү


Манжа изин каттап, идентификациялоо учуру. Кыргызстан. 2014-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Манжа изин каттап, идентификациялоо учуру. Кыргызстан. 2014-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев кыргызстандык жарандардын идентификациялык номуру, манжа издери сыяктуу жеке маалыматтарынын коопсуздугуна кабатырлыгын билдирди. Депутат 10-октябрда парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында коопсуздук маселеси боюнча санарип министри Нурия Кутнаевага бир катар суроолорду берди:

"Датка" деп аталган мекеме бардык жарандардын жеке маалыматтарына ээлик кылат. Андагы программалар кимге таандык? Уруксат берилгенби? Баасы канча? Бул деген улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн. Ага ким жооп берет? Сиздердин IT адисиңиз 42 млн сомду уурдап, кармалды. Баары эле уурдап, сатып, каалаганын жасай береби силерде? Бул жерде маалымат бербей, "жашыруун" деп атасыз. Негизи сиздердин ишиңиздер эмес, биздин жарандардын жеке маалыматтары "жашыруун" деген грифтин алдында болушу керек эле. Санарип министрлиги уруксат берилбеген, контрафакт программаларды сатып алып жатат. Бул коррупция да", - деди Эрбаев.


Нурия Кутнаева мекемени жетектей баштаган күндөн кийинки иштерге гана жоопкерчилик аларын, андан мурункуларга жооп бере албасын айтты.

"Сиз айтып жаткан иштер мага чейин болгон. Алар үчүн жоопкерчилик ала албайм. Коррупциялык иш кылган адамдар азыр атайын кызматтын абагында отурушат", - деди ал.

Комитет мүчөлөрү талкуунун жыйынтыгында министр Кутнаеванын жана анын орун басарларынын маалыматы толук эмес деген жүйө менен, эки айдан кийин кайра угууну чечти.

Нурия Кутнаева санарип министринин милдетин аткаруучу болуп быйыл 7-сентябрда дайындалган. 13-сентябрда анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш бекитип, ошол эле күнү президент кызматка дайындаган.

Ал буга чейин "Түндүк" жана "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" ишканаларынын директору болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG