Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:05

Ногойбаеванын ишин караган судьялар иштин создуккан себебин айтышты


Чүй облустук сотунун судьялары: Алмаз Абдугапаров, Улукбек Калыбеков, Тилек Абдырашитов. Бишкек. 10-октябрь, 2023-жыл.
Чүй облустук сотунун судьялары: Алмаз Абдугапаров, Улукбек Калыбеков, Тилек Абдырашитов. Бишкек. 10-октябрь, 2023-жыл.

Селекцияда бычакталган Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнүн ишин апелляциялык негизде караган Чүй облустук сотунун үч судьясы бүгүн, 10-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, иштин создугуу себебин түшүндүрдү.

Алар "Зордуктоо" беренеси менен айыпталган Азамат Эстебесовду пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмү негизсиз колдонулганын айтууда. Судьялардын бири Тилек Абдырашитов райондук сотто өкүм чыгарууда айыпталуучунун мурдагы иштери, жабырлануучунун өтүнүчү эске алынышы зарыл экенин белгиледи.

Судьялар экинчи инстанцияда соттук апелляциялык арыз негиздүү себептерден улам жылдырылып келгенин, анын ичинде сот отурумуна жабырлануучу эки жолу келбей калганын айтышты.

"Бир отурумда айыпталуучунун жактоочусу жок болгон, акыркысында ал адвокатты алмаштыруу өтүнүчүн келтирген", - деди Тилек Абдырашитов.

Асел Ногойбаева буга чейин облустук сотто апелляциялык арызы каралбай келгенин, отурум боюнча маалымат берилбегенин айткан.

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.

Көп өтпөй Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, эки жолу: былтыр сентябрда жана быйыл январда милицияга кайрылганы, милиция эки ирет тең "Зордуктоо" беренеси менен иш козгоп, сотко ашырганы маалым болгон. Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Экинчи жолкусунда Сокулук райондук соту айыпталуучуну үч жылдык мөөнөт менен пробациялык көзөмөлгө алууну өкүм кылган. Жабырлануучу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Облустук сот жабырлануучу бычакталгандан кийин гана, айыптууну сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Башкы прокуратура апелляциялык арызды кароону кечиктирип, создуктурганы үчүн Чүй облустук сотунун үч судьясын жоопко тартуу сунушун Соттордун тартип комиссиясына бергени 9-октябрда маалым болгон.

Сентябрдын башында Жалал-Абад шаардык соту 36 жаштагы келинди зордуктоого айыпталган мурдагы милиция кызматкерин үч жылга пробациялык көзөмөлгө алууну чечип, эркиндикке чыгарган. (ZKo/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG