Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:50

Салимовду соттон Тез жардам алып кетти, аны эки айга камоо чечими чыкты


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов. 12-март, 2012-жыл.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов. 12-март, 2012-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-октябрдын кечинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасын карады. Соттун чечими менен ал 9-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.

Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров Kaktus.media агенттигине билдирди.

Сот жараяны жүрүп жаткан маалда Салимовдун кан басымы көтөрүлүп, Тез жардам чакырылганы, дарыгерлер аны алып кетишкени кабарланды. Жергиликтүү медиаларда жарыяланган видеодо аны менен кошо УКМКнын атайын кызматкерлери да Тез жардамдын машинеси менен кеткенин көрүүгө болот.

Мурдагы депутатты Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренесинин "Уюшкан топко катышуу" бөлүгүнүн негизинде 7-октябрда кечинде УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен.

Атайын кызмат азырынча расмий маалымат бере элек.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жылдары) депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү болгон.

“Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG