Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Кадыров Путинди орден менен сыйлаганын билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров. 28-сентябрь, 2023-жыл. Москва.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров. 28-сентябрь, 2023-жыл. Москва.

Орусиянын президенти Владимир Путинге Чеченстан жумуриятынын жогорку сыйлыгы – Ахмат Кадыров атындагы орден ыйгарылды. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Телеграмга жазып, сыйлык «жаңы эле тапшырылганын» кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, Путинге бул орденди ыйгаруу буйругуна 2007-жылы кол коюлган. Андан бери эмне себептен берилбей келгенин тактаган эмес.

Кремлдин расмий сайтына бул тууралуу маалымат чыккан жок. Рамзан Кадыров менен Путин соңку ирет 28-сентябрда жолуккан. 7-октябрда, Путиндин туулган күнүндө Кадыров өлкөдө президенттик шайлоону жоюп салууга же бир эле талапкерди - азыркы мамлекет башчыны көрсөтүүгө элди чакырды.

Орден Чеченстандын биринчи лидери, Рамзан Кадыровдун атасы, маркум Ахмат Кадыровдун урматына 2004-жылы негизделген. Жумуриятты 2007-жылдан бери жетектеп келген Рамзан Кадыров аны биринчилерден болуп алган. Ошондой эле бул сыйлык менен анын кыз-күйөөсү, энеси жана башка тууган-туушкандары сыйланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG