Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Израил бийлиги ХАМАС кирип барган шаарларга көзөмөл орнотконун билдирди


Израил армиясынын жоокерлери Сдерот шаарында. 8-октябрь, 2023-жыл.
Израил армиясынын жоокерлери Сдерот шаарында. 8-октябрь, 2023-жыл.

Израил бийлиги ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда кол салган шаарларга көзөмөлдү калыбына келтирди. Бул тууралуу 9-октябрда Израилдин Коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Даниэл Хагари билдирди. Ал ишемби күндөн тартып Израил тарапка 4400дөй ракета менен чабуул коюлганын, 48 сааттын ичинде резервдеги 300 миңдей киши мобилизацияланганын кошумчалады.

Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 9-октябрга караган түнү чукул жыйынга чогулуп, ХАМАСтын Израилге кол салышын бир добуштан айыпташты. Анткени менен жыйынтыгында эч кандай бирдиктүү билдирүү кабыл алынган жок.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган. Кыймылдын өкүлдөрү ондогон адамды барымтага алганы кабарланууда. 700дөн ашуун израилдик өлтүрүлүп, эки миңден көбү жаракат алганы расмий маалымдалды. Израил армиясы Газа тилкесине жооп чара катары абадан сокку уруп жатат. Ал эми Газа секторунда палестин бийлигинин маалыматына караганда, каза тапкандар 413кө жетти, жараат алгандар 2300 болду. Израилде согуш абалы жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG