Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

HRW: Тажикстанда оппозициялык активисттердин туугандары сурак берди


Берлинде тажик бийлигине каршы акция уюштуруп жаткан бозгундагы оппозициячыл активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл. Германия.
Берлинде тажик бийлигине каршы акция уюштуруп жаткан бозгундагы оппозициячыл активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл. Германия.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму билдиргендей, 28-29-сентябрь күндөрү Берлинде өткөн нааразылык акцияларынан кийин чет жакта жашаган оппозициячыл активисттердин Тажикстандагы 50дөй тууганы кармалып, суракка алынды.

"Кармалгандардын айрымдарын бир нече убакыттан кийин бошотушкан, көбү дагы эле камакта",-деп жазылган уюмдун 6-октябрда тараткан билдирүүсүндө.

Активисттер Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Германияга барган маалда анын режимине каршы акция уюштурушкан.

Эл аралык уюмдун билдирүүсүндө, Берлинде 29-сентябрда оппозициянын өкүлдөрү Рахмондун автокербенине жумуртка ыргыткандан кийин Тажикстанда тиешелүү органдар акциянын катышуучуларынын туугандарын кармай баштаган.

"Эч нерсени түшүндүрбөстөн, негизсиз эле акциянын катышуучуларынын улгайган жакындарын жана балдарын кармап кетишкен. Алар коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгону тууралуу кабарлар бар", - деп жазылат билдирүүдө.

HRW тажик бийлигинин аракеттерин "эл аралык милдеттенмелерди олуттуу бузуу" деп атап, Дүйшөмбүнү оппозициялык активисттердин туугандарын токтоосуз бошотууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG