Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Чикаго марафонунда дүйнөлүк жаңы рекорд коюлду


Келвин Киптум.
Келвин Киптум.

Жеңил атлетиканын дүйнөлүк тарыхында жаңы рекорд коюлду. Кениялык 23 жаштагы жөө күлүк Келвин Киптум 8-октябрда Чикаго марафонунда 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 секундда чуркап өттү.

Буга чейинки рекордду дагы бир кениялык спортчу, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Элиуд Кипчоге койгон. Ал Берлинде өткөн былтыркы сентябрдагы марафондо ошол эле аралыкты 2 саат 1 мүнөт 9 секундда багындырган.

Ал эми аял спортчулардан быйылкы Чикаго марафонунда жакшы жетишкендикти нидерланддык 30 жаштагы спортчу Сифан Хассан көрсөтө алды. Ал марафондук дистанцияны өзүнүн спорттук карьерасында экинчи жолу аягына чейин чуркап өттү.

Чикаго марафону жыл сайын октябрь айында уюштурулат. Ал шоссе жолдо өткөрүлүүчү заманбап марафондордун эң мыкты өнүгүп жаткандарынын бирине айланды. Быйыл марафонго 45 миң адам катышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG