Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:58

Азербайжан армян лидерлери менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди


Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев армян лидерлери макул болсо, алар менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн Грузияда дароо баштоого даяр экенин билдирди. Алиев Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили менен Тбилисиде 8-октябрда жолуккан соң, “мындай абалда бизге Грузиянын катышуусу зарыл ” деп билдирди. Гарибашвили тынчтык процессине Тбилиси катышууга даяр экендигин, ар дайым бейтарап позицияны карманып келе жатканын айтты. Мындан тышкары Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Армения менен Азербайжандын лидерлери сүйлөшүү үчүн Брюсселде октябрдын аягында жолугууну макулдашканын маалымдады.

19-сентябрда Баку Тоолуу Карабакта антитеррордук операция баштаган. Жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна даттанган.

Азери өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан тартып жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG