Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:44

АКШ кризиске карабай Украинага жардам берет


Reuters агенттиги билдиргендей, АКШ бюджетиндеги кризиске карабай Украинага бериле турган жаңы жардам топтомун жарыялайт. Кеп 200 миллион доллар туурасында болуп жатат.

Киевге буга чейинки убадаланган курал-жарак жана техника берилет. АКШ соңку чечимин 11-октябрда, Украинага курал жеткирүү боюнча топтун Брюсселде болчу жолугушуусунда жарыялайт.

30-сентябрда АКШ конгрессинин Өкүлдөр палатасы 45 күндүк убактылуу бюджет тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Ал өкмөттүн ишинин уланышын шарттайт. Украинага берилчү жардам убактылуу бюджетте камтылган эмес.

АКШнын Коргоо министрлиги эгер Конгресс чара көрбөсө, Украинаны каржылоо жакынкы айларда токтоп калышы ыктымалдыгын эскертти.

Аскердик мекемеде жогоруда айтылган 5,4 миллиард доллардан тышкары, Украинага жөнөтүлгөн куралдын ордуна запастарды толуктоо үчүн Конгресс мурда бөлгөн 30 миллиард доллардын бир жарым миллиард доллардан бир аз көбүрөөгү калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG