Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Министрлик бейөкмөт уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтерин билдирди


Министр Гүлнара Баатырова бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен.
Министр Гүлнара Баатырова бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өкмөттүк эмес сектор менен кызматташтыгын кеңейтүүга даяр экенин мекеменин башчысы Гүлнара Баатырова билдирди. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 6-октябрда министр майыптыгы бар балдарга жана чоңдорго, улгайган адамдарга, турмуштук оор шартта жашап жаткан балдарга түрдүү кызмат көрсөткөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, кызматташтык багыттарын талкуулады.

“Жолугушууда кызматтардын сапатын жогорулатуу жана социалдык колдоого муктаж адамдарды кеңирирээк камтуу маселелери талкууланды. Гүлнара Баатырованын айтымында, министрлик өкмөттүк эмес сектор менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр”, - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Министр менен жолугушууга катышкандар майып балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, аларды иш менен камсыз кылуу, мамлекеттик социалдык заказ боюнча каржылоону көбөйтүү зарылчылыгын жана башка маселелерди көтөрүшкөнү айтылды.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын көбү эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен ачылып, иштешет.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдошкон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган жана “Бул уюмдар мамлекет жана рынок институттары тийиштүү деңгээлде аткара албай жаткан функцияларды аткарып, коомдогу социалдык чыңалууну басып турушат”, - деп белгиленген. Мыйзам долбоору парламенттик комитетте каралууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG