Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:34

Гамбургда кыргызча IT конференция өтүп жатат


Конференция учурунан. Гамбург, Германия. 7-октябрь, 2023-жыл
Конференция учурунан. Гамбург, Германия. 7-октябрь, 2023-жыл

Германиянын Гамбург шаарында маалыматтык технологияларга арналган Европадагы алгачкы кыргызча конференция өтүп жатат.

Иш-чарага катышып жаткан «Азаттыктын» кабарчысынын айтымында, ага Германияда окуган кыргыз студенттери жана эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктар катышууда.

Конференцияда дүйнөлүк IT жана технология, билим берүү эксперттери IT тармагындагы жаңы тенденциялар менен бөлүшүүдө.

Уюштуруучулар "Азаттыкка" кабарлашкандай, конференция төмөнкү максаттарды көздөйт:

• Жаш муундарга IT тармагына багыт, дем берүү, илим-билим жолунда өз ордун табууга шыктандыруу;
• Дүйнөлүк цивилизацияга, коомду өнүктүрүүгө салым кошуу.

"Кыргыз-Немис IT" уюму уюштуруп жаткан иш-чара "IT. Билим. Келечек" деп аталат.

Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышууда. Конок катары Кыргызстандагы алгачкы эксперименталдык гимназияны түптөгөн Гапыр Мадаминов чакырылган.

Агартуучулук багытында "Кыргыз-Немис IT" уюму учурда Европада жаштар арасында миграция агымы күч алганын белгилеп, жаш муунга IT багытына жол көрсөтүү зарылдыгы жаралганын белгилейт. Уюм коммерциялык максатты көздөбөй турганын маалымдады. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG