Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кадыровдун 15 жаштагы уулуна "Чеченстандын Баатыры" наамы ыйгарылды


Мамдуманын депутаты Адам Делимханов жана Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров.
Мамдуманын депутаты Адам Делимханов жана Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров.

Рамзан Кадыровдун уулу, 15 жаштагы Адам Кадыровго "Чеченстандын Баатыры" наамы берилди. Бул тууралуу Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов билдирди.

Депутат Адам Кадыровду "сабаттуу, ар тараптан билимдүү киши" деп сыпаттап, "Куранды жатка билген, бир катар мелдештерде такай утуп келген спортчу" деп мактады.

Чеченстандын президенти уулуна "Баатыр" деген наам берилгени тууралуу үн ката элек.

Адам Кадыров Грозный шаарындагы тергөө абагында Куранды өрттөөгө айыпталган Никита Журавелди сабап, атактуу болгон. Бул маалыматты Орусиянын акыйкатчысы Татьяны Москалькова жарыялап, Чеченстандын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мансур Солтаевге кырдаалга көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылган.

Солтаев Журавелдин иши боюнча "тийиштүү органдар иштеп, ар бир факты боюнча баа берилерин" жооп кылган.

Кийинчерээк улуттук саясат министри Ахмед Дудаев 15 жаштагы Адам студент Никита Журавелди "диний себеп" менен урганын моюндаган.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров уулунун кылыгын колдоп, Куранды өрттөгөнү үчүн Журавель "катаал жазасын алышы керектигин" айткан. Ал ошондой эле уулу Журавелди сабап жатканы тартылган тасманы жарыялаган.

Рамзан Кадыров 4-октябрда 24 жаштагы кызы Айшатка "Эл артисти" наамын ыйгарган. Апта башында Айшат Кадырова жумурияттын вице-премьерлик кызматына көрсөтүлүп, аны атасы кубаттаган.

Кремлдин ишенимдүү кишиси катары сыпатталган Рамзан Кадыровго жана анын кызына АКШ, Евробиримдик, Жапония санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG