Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

БУУнун атайын баяндамчылары кыргыз бийлигин «чет элдик өкүл» мыйзамын кабыл албоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттар Уюмунун үч атайын баяндамачысы кыргыз парламентинде талкууланып жаткан «чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун сындашты. Алар ошондой эле Жогорку Кеңештин дептуттарын мыйзам долбоорун артка кайтарууга үндөштү.

Баяндамачылар сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун бир катар беренелери Кыргызстан алган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилешти.

«Бул мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын адам укуктарын коргоодогу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн» - деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети талаштуу мыйзам долбоорун 3-октябрда биринчи окууда жактырды.

Бейөкмөт уюмдардын саясий процесстерге катышуусун чектеп, ашыкча көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн мыйзам долбоору жарандык коомго кезектеги сокку катары бааланууда.

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта жарандык коом, бейөкмөт уюмдар өтө активдешип, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдөн тарта саясий кризистерди чечүүдө бараандуу ролду ойноп келет.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 22 миңден ашык бейөкмөт уюм расмий каттоодон өткөн. Алардын 90% Бишкек менен Ош шаарында, калганы өлкө аймактарында иш жүргүзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG