Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Дүйнөлүк банк кыргыз экономикасы быйыл 3,5% өсөт деп болжолдоду


Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл жыл соңунда 3,5% өсөт деп божомол жасады. Бул тууралуу мекеменин Европа жана Борбор Азия боюнча соңку баяндамасында айтылат.

Финансылык мекеменин адистери мунун себебин айыл чарба түшүмүн жыйноо жана товар өндүрүү жайлаганы менен байланыштырган.

Сентябрдагы баяндамасында Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) да Кыргызстанда алтын өндүрүү жайлаганына жана аба ырайы айыл чарбасына терс таасирин тийгизгенине байланыштуу экономиканын ыргагы жайлап, ИДӨ быйыл соң соңунда 3,8% өсүш менен чыгат деп эсептеди.

Кыргыз өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемин 4,5% чейин түшүргөн. Мунун себебин Экономика министрлигиндеги аткаминерлер Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү кыскарганы менен түшүндүргөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2023-жылы январда ИДӨнүн өсүү темпи 4,8% түзгөн. Көрсөткүч январь-апрелде 4,4%, январь-июлда 3,9%, январь-августта 3,3% болду.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДӨсү соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу экономиканын төмөндөп кеткен деңгээлине салыштырмалуу көп көрүнүп жатканын белгилешет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG