Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Мамдума өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарат


Мамлекеттик Думанын жыйыны.
Мамлекеттик Думанын жыйыны.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы жакынкы жыйындарынын биринде өзөктүк куралга тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгаруу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Мамдуманын спикери Вячеслав Володин телеграмга жазды.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» клубунун жыйынында Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүнүн кажети жок экенин, бирок өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын артка кайтаруу жөнүндө ойлонуп көрсө болорун билдирген. Ал акыркы чечимди Мамлекеттик Дума кабыл аларын кошумчалаган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, эл аралык документти артка кайтаруу Москванын өзөктүк сыноо өткөрүү ниетин билдирбейт.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери бир катар кремлчил саясатчылар жана коомдук ишмерлер Москва өзөктүк курал колдонушу ыктымал экенин айтып келишет.

Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим 1996-жылы Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 50-сессиясында кабыл алынган. Документке жетиштүү сандагы өлкөлөр кол койбогондуктан күчүнө кирген эмес. Өзөктүк державалардан Индия, Пакистан жана Түндүк Корея келишимге кошулуудан баш тарткан. Ал эми АКШ жана Кытай кол койгону менен ратификациялаган эмес. Орусия эл аралык келишимди 2000-жылы 30-июнда ратификациялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG