Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды


Догдуркүл Кендирбаева
Догдуркүл Кендирбаева

Президент Садыр Жапаров Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана илим министри катары дайындоо жарлыгына кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Кендирбаева президенттин 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Жогорку Кеңеш 5-октябрда аны министрликке дайындоого макулдук берди.

Депутаттар андан билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды угуп, аларды чечүүгө тапшырмаларды беришти. Аягында каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан Кендирбаеванын талапкерлигин колдошту.

Буга чейинки министр Каныбек Иманалиев "тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган" деген негизде 7-сентябрда кызматынан бошотулган.

Жаңы окуу жылы башталганда Кыргызстанда мектеп окуучуларына китеп жетишпей, министрлик сынга кабылган.

Догдуркүл Кендирбаева буга чейин “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору, 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG