Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:33

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ирандык укук коргоочу, түрмөдөгү Наргиз Мохаммадиге ыйгарылды


Ирандагы укук коргоочу Наргиз Мохаммади.
Ирандагы укук коргоочу Наргиз Мохаммади.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы Ирандагы аялдардын укугу үчүн күрөшкө кошкон салымы үчүн, адам укуктарын коргоо аракети үчүн ирандык активист, учурда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммадиге ыйгарылды.

Нобелдин комитети тараткан маалыматка ылайык, сыйлык ошондой эле "Ирандын теократиялык режиминин аялдарды басмырлоо саясатына каршы чыккан" жүз миңдеген ирандыктарга арналат.

Нобел комитети билдиргендей, Иран бийлиги Мохаммадини жалпысынан 13 жолу камаган. Ал ар кандай айыптар менен 31 жылга эркинен ажыратылып, 154 жолу балак урулган.

"Студент кезинде эле Мохаммади адам укуктарын коргоп, башкалардан айырмаланчу. 2001-жылы ал алгачкы жолу камалып, түрмөдөгүлөргө жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам бергени үчүн узак жылга кесилген", - деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

2022-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкий, орусиялык укук коргоочу "Мемориал" уюму жана Украинадагы укук коргоочу "Жарандык эркиндик борборуна" ыйгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG