Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:15

АКШ элчиси С5+1 саммитиндеги чечимдердин негизинде кызматташуу уланарын билдирди


Лесли Вигери.
Лесли Вигери.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Кошмо Штаттар Борбор Азия лидерлеринин саммитинин жыйынтыгына жараша чөлкөм менен белгилүү тармактарда кызматташуу уланарын билдирди.

Бул тууралуу ал "АКИпресс" басылмасына курган маегинде айтты.

Элчи белгилегендей, Нью-Йоркто өткөн C5+1 форматындагы саммитте лидерлер экономикалык багыттагы кызматташууну талкуулап, АКШнын жеке секторунун Борбор Азияга инвестиция салуусу үчүн жагымдуу ишкер чөйрө түзө турган экономикалык реформаларды аныктаган.

Бул АКШ менен Борбор Азия ортосундагы жаңы ишкер байланышты бекемдөөгө, альтернативдүү соода-сатык жолдорун кеңейтүүгө багытталганын билдирди.

Вигери Кошмо Штаттар Борбор Азияга дайыма көңүл буруп келгенин белгиледи.

“Борбор Азия АКШ үчүн ар дайым маанилүү болуп келген. Кошмо Штаттар Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. Биз Борбор Азиядагы ар бир өлкөнүн эгемендигин, туруктуулугун бекемдөө, өнүгүүсү үчүн бирге кызматташууну улантабыз”, - деди элчи.

Вигери Кыргызстан сыяктуу эле Кошмо Штаттар үчүн да климаттын өзгөрүүсү бирге кызматташууну талап кылган орчундуу маселе экенин белгиледи. АКШ Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу өлкөлөргө тийгизип жаткан таасирине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракетин колдой турганын, бул багытта кызматташууну уланта берерин кошумчалады.

19-сентябрда Нью-Йоркто Борбор Азия - АКШ же C5+1 форматындагы саммит өткөн. Ага АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Саммитти АКШ президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттаган.

Вашингтон Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда АКШда кол коюлган.

2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы себеп болгон.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG