Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Улуттук банк 27 млн доллардан ашык каражатты сатыкка чыгарды


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк октябрь айында валюта рыногунда биринчи жолу интервенция жасап, 27 млн 150 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу мекеменин операциялар тууралуу маалыматында айтылат.

Башкы каржы көзөмөл мекемеси акыркы ирет 14-сентябрда 47 млн 690 миң долларды саткан.

Июль айында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда доллар таңкыстыгы жок экенин билдирген. Ал өлкөдөгү валюта базарындагы жагдайды "туруктуу" деп сыпаттап, керектүү чаралар убагында көрүлүп жатканына ишендиргенге аракет кылган.

Улуттук банк жалпысынан 2023-жылдын башынан бери валюта рынокко саткан сумма 610 млн 915 миң долларга жетти. Быйыл мекеме рыноктон кайра доллар сатып ала элек.

2022-жылы Улуттук банк он беш жолу интервенция жүргүзүлүп, 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

"Интервенция" деген сөз (лат. interventio) "кийлигишүү" дегенди билдирет. Финансы тармагында валюталык рынокко кийлигишип, чет элдик валюталардын курсун туруктуу кармоо үчүн жасалган операциялар ушундай аталат.

Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык, ушул күндөрү доллар 88 сом 71 тыйын, евро 93,18 сом, рубль 89 тыйын жана казак теңгеси 18 тыйын болуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG