Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызгидромет борбору билидиргендей, 7-октябрга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус жылыйт.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG