Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

Зеленский: Орусия согушту токтотуп, 2028-жылы кайра чабуул жасагысы келет


Украинанын президенти Владимир Зеленский чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянып, Орусия Украинадагы куралдуу кагылышууну токтотуунун жолдорун издеп жатканын айтты. Бирок Зеленскийдин белгилешинче, Москва муну тынчтыкты каалаганы үчүн эмес, аскердик дараметин калыбына келтирүү максатында жасайт. Эгер ал ишке ашса, Зеленский болжолдогондой, 2028-жылы Орусия кайрадан чабуулга өтөт, анда Украинага гана эмес, Балтика өлкөлөрүнө кол салышы ыктымал.

Мындай пикирин Зеленский Испаниянын Гранада шаарында Европалык саясий шериктештиктин саммитинде сүйлөгөндө билдирди. Бул бейформал уюм Европада Орусия менен Беларустан башка дээрлик бардык өлкөлөрдү бириктирет.

Зеленскийдин айтымында, Москва “империялык мейкиндикти көбүрөөк басып алууну, Европанын эркин мамлекеттердин жана демократиянын чордону болушуна жол бербөө” максатынан баш тарткан жок.

Ал Евробиримдикти АКШда Украинага колдоо көрсөтүүдө жаралган көйгөйлөргө карабастан тилектештикти сактоого чакырып, ошол эле учурда АКШ Киевди колдоону уланта берерине ишеним артарын белгиледи. Зеленский Украинага жаңы абадан коргонуу системаларын, артиллерияны, снаряддарды, алыс аралыкка учуучу ракеталарды жана дрондорду жеткирүүгө чакырды.

АКШ 2024-жылга бюджетти кабыл ала элек. Анда Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каражат бөлүнүшү керек. Ноябрдын ортосуна чейин бекитилген убактылуу бюджетте Украина үчүн акча каралган эмес.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында басып кирген. Москва муну "атайын операция" деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG