Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Алматыда абакта жаткан дагы бир каракалпак активисти бошотулду


Алматыдагы абак.
Алматыдагы абак.

Казакстанда бир жыл мурун камалган каракалпакстандык активист Зиуар Мирманбетова 4-октябрда Алматыдагы тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди.

Интернетте туугандары аны түрмөнүн жанында кантип тосуп алганы тартылган видеолор жарыяланды.

Мирманбетова Казакстанда түрмөдөн эркиндикке чыккан каракалпак диаспорасынын төртүнчү өкүлү. Сентябрда Раиса Худайбергенова, Жангелди Жаксымбетов жана Кошкарбай Төрөмуратов абактан бошотулган. Укук коргоочулар аларды экстрадициялоо маселеси каралып жаткан адам катары камакта кармоонун мөөнөтү аяктаганын белгилешкен.

2022-жылдын сентябрында Ташкенттин өтүнүчү менен каракалпак активисттери кармалган. Алар Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салган деп айыпталган.

Учурда Актөбөдөгү абакта каракалпак активисти Тлеубике Юлдашева гана калды. Анын камактагы мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт.

Каракалпак активисттеринин куугунтукталышы 2022-жылдын июль айынын башында Каракалпакстандагы жапырт нааразылык акциялары менен байланыштуу.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, былтыр 1-2-июлда Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган.

Кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG