Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Ошто жаңы курулган үйдүн лифтиндеги кырсыкта киши өмүрү кыйылды


Иллюстрация
Иллюстрация

4-октябрь күнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адам каза тапты. Бу тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ырастады Маалыматка ылайык, лифт ичиндеги адам менен төмөн көздөй катуу түшүп кеткен.

Милиция окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөндө көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү лифт түшкөн жерде 35-40 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Маркум эки айдан бери үйдү курган компания менен келишимдик негизде лифт оңдоп, иштеп жүргөнү аныкталган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, үйгө орнотулган камерадан видеолор алынган.

Кыргызстанда лифттен кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин дагы болгон.

Быйыл май айында Бишкектин “Туңгуч” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну лифтке камалып калгандан кийин жүрөгү кармап каза тапкан.

Былтыр январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, бешик арабадагы баласы менен кирип бараткан 38 жаштагы кишини кыпчып калган, ал каза болуп калган.

2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан.(DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG